• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан жана Сирия элчилери кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Сириянын Россиядагы элчиси Башар Аль-Джаафари менен жолугушту.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Сириянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий