• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркия 12 биргелешкен документке кол коюшту - президенттердин жолугушуусунун жыйынтыктары

Президент 0

Бишкек, 01.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын тар курамда сүйлөшүүлөрүнүн жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумунун жыйынтыктары боюнча бүгүн, 1-сентябрда Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

1.Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Башкы кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү;

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосунда техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармактарында кызматташуу

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскер-финансы кызматташтыгы тууралуу протокол;

4.Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Түркия Республикасынын үй-бүлөө жана социалдык саясат министрлигинин кызматташтык тууралуу меморандум;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча кызматташтыгы тууралуу макулдашуу;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарды түзүү боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу;

7.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» Фондунун кызматташтык тууралуу Меморандум;

8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн кардарларды коргоо жана рынокту көзөмөлдөө боюнча меморандум;

9.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу агенттиги менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум;

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасын ачуу, чогу иштетүү жана берүү жана Кыргызстандын жарандарынын Түркияда медициналык чөйрөдө билим алуу боюнча келишим;

11.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Түркия Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «Ч. Айтматов маданий борборун» колдонуу боюнча меморандум;

12.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бажы комитетин түзүү боюнча меморандум.

Пикир

Оставить комментарий