• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Түркия коргоо министрлери кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда КР коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Бул жолугушуу биздин ведомстволордун ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшүнө, андан ары кеңейишине жана бекемделишине салым кошот", - деп ишенимдүү түрдө белгиледи өзүнүн саламдашуу сөзүндө Өмүралиев.

Өз кезегинде Хулуси Акар Түркия аскердик жана аскердик-техникалык багытта пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууну толугу менен улантарын, ошондой эле, жакынкы убактарда коргоо жаатындагы эки өлкөнүн ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга натыйжалуу чараларды көрөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги тууралуу, ошондой эле, кыргыз аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Түркиянын медициналык мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо маселелери талкууланды.

Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да бир тууган коргонуу ведомстволорунун кызматташтыгынын кызыкчылыгында дагы, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу максатында дагы өнүгө берерин жана бекемделерин ишенимдүү билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий