• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча ЖК отурумун өткөрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын президентинин аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин маалыматына караганда, тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле түрк тарабынан Камкорчулар кеңешинин төрагасы Фахреттин Алтун болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий