• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркия тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты орнотууга макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын президентинин аппаратынын алдындагы Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысы Салим Атай менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Кубанычбек Өмүралиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгү жаатында Кыргызстандын өкмөтү тарабынан пландаштырылып жаткан реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде Салим Атай президенттик башкаруу формасына өткөндөн кийин Түркияда жүргүзүлгөн реформалар жөнүндө айтып берди. Ал мамлекеттик органдарда иштөө үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөр арасында жаш адистерди тандоо боюнча санарип система жөнүндө презентация жасады.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча система жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта, биринчи кезекте, маалымат алуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты орнотууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий