• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Түркия туризм тармагында ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигине караштуу туризм департаментинин директору Самат Шатманов Туризм департаментинин аянтчасында Түркиянын Маданият жана Туризм министрлигинин Орто Азия мамлекеттериндеги өкүлү-маданият жана таанытуу кеңешчиси Алпаслан Акынджы менен жолукту. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Маалыматкаылайык, жолугушууд, туризм тармагында ар тараптуу кызматташуу турасында, анын ичинде, эки тараптын туризм жаатында тажрыйба алмашуусу, туризмди медиа тармактын, блогерлердин колдоосу менен эки өлкөнүн туризм дараметин даӊазалоосу белгиленип, бул жаатта иш-чараларды биргеликте жүргүзүүнү сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий