• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик кызмат тутумундагы актуалдуу маселелер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кечээ, 7-сентябрда КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Абдулазим Курманов Түркиянын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын уюштуруу жана таланттарды тартуу бөлүмүнүн башчысы Несе Гүлмез жана кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Саваш Жейланды кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, андан соң, жолугушуу кеңейтилген форматта өткөрүлдү. Ага КР Мамлекеттик кадр кызматынын бөлүм башчылары да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Медербек Исраилов “КР мамлекеттик кызматынын заманбап тренддери” темасында презентация жасады, ошондой эле ал Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын айтып берди.

Жолугушуунун алкагында Улуттук кадрлар резерви, E-Kyzmat автоматташтырылган электрондук тутуму жана мамлекеттик кызматчыларды окутуу багытында аткарылып жаткан иштер туурасында да кеп козголду.

Өз кезегинде, түрк тарап Түркиянын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу, ошол эле мезгилде бул уюмдун негизги функцияларын, милдеттерин, жетишкендиктерин жана кызматчыларды окутуудагы аралыктык форматты ишке киргизүү жолдорун айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик кызмат тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз тарап, КР Мамлекеттик кадр кызматы түрк кесиптештерине эстеликке белектерин тапшырды. Жолугушуу бир туугандык жана өз ара түшүнүүчүлүк нугунда өттү.

Маалымат иретинде: Түркиянын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгы – Түркиядаг бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын ишин жана кызматчыларынын ишин тескей турган кадыр-барктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий