• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү $ 2 млрд чейин көбөйтүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин көбөйтүү талкууланды.

КР ТИМден билдиришкендей, маселе Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглунун жолугушуусунда талкууланды.

Ошондой эле тараптар соода үйлөрүн ачуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин байланыштарын бизнес-форумдар жана бизнес жолугушуулар аркылуу түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн палаталарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана палатаны реформалоонун алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглунун чакыруусу боюнча Анкара шаарында иш сапары менен болду.

Иш сапардын алкагында Темир Сариев Измирдеги "AGRO EXPO 2023" эл аралык айыл чарба, багбанчылык жана мал чарба көргөзмөсүнө катышып, иш чөйрөлөр менен жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий