• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Татарстан кызматташууну өрчүтүү боюнча иш-чаралар планына кол коюшту

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргызстан менен Татарстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан тараптан Иш-чаралар планына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Татарстан тараптан премьер-министрдин орун басары – өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов кол коюшту.

Аталган документте негизги макулдашуулар бекитилип, биргелешкен соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча узак мөөнөттүү милдеттер аныкталган жана ошондой эле айыл чарба, өнөр жай, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана байланышты өнүктүрүү, медицина, саламаттыкты сактоо тармагында жана башка секторлордо кызматташуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий