• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан жана Тажикстан чек арадагы 17,66 чакырым аралыкты тактады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 1-декабрынан 6-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкенин долбоордук сыпаттамасын түзүшкөн. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды.

Жумушту топтун жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий