• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Тажикстан эки жактуу соода-экономикалык мамилелерди активдештирет

Саясат 0

Бишкек, 31.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери соода-экономикалык тармактагы кызматташууну активдештирүү боюнча пикир алмашышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Сооронбай Жээнбековдун 1-2-февралдагы Дүйшөнбүгө күтүлүп жаткан расмий сапары боюнча брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Ал эки өлкөнүн товар айлантуусунда белгилүү бир өсүш байкалганын, бирок учурдагы потенциалга дал келбей жатканын жана иштин чыныгы абалын чагылдырбай турганын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар экономика тармагында кызматташуу боюнча планды иштеп чыгышты.

“2017-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар айлантуу 30 млн долларды түзгөн, бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29%га жогору. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Экономика министрлиги тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Биз тажик тарапка Кыргызстандын аймагында эркин экономикалык аймак потенциалын колдонууну ойлонуп көрүүнү, ошондой эле ЕАЭБ рыногуна жана өлкөбүздүн ВСП+ статусун эске алуу менен Европа союзунунун рыногуна продукция ташуу үчүн биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз”, - деди Субакожоева.

Пикир

Оставить комментарий