• 84.92
  • 89.09
  • 1.36

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады

461 кароо Саясат 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн 22-саммитинин алкагында болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий