• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин 5-майдагы Тажикстанга расмий сапарынын алкагында ТР ТИМ башчысы С.Аслов менен жолугушуусу болду.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки жактуу кызматташуулардын актуалдуу маселелерин жана КР жана ТР ортосундагы өз ара аракеттешүүлөрүнүн кеңири маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана борбор азия аймагындагы туруктуулукка келтирилген коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековдун Тажикстан Республикасына 2018-жылдын февралындагы расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды биргелешип ишке ашыруу маселелерине бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптарт ошондой эле эки жактуу кызматташуунун маанилүү аспектилерин талкуулашты. Эки мамлекеттин ортосундагы транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык тармактарда, ошондой эле соода-экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташууларына өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөн талкуулардын жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу мамилелерди жана башка өлкөлөр менен өнөктөштүктөрдү бекемдөөгө умтулуусун көрсөткөнү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий