• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркмөнстан ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда түркмөн тарабынын демилгеси боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Рашид Мередов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгон Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев түркмөн кесиптешине боор ачып көңүл бугандыгына ыраазычылыгын билдирип, 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун учурдагы абалы жөнүндө маалымдады.

Казакбаев менен Мередов эки тараптан тең көптөгөн жоготууларга жана жарадарларга алып келген, чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүү керек деген пикирелери дал келди.

Мередов түркмөн тарап кыргыз тараптын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү катары, Кыргызстандын чек ара аймагындагы кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жаткандыгын белгилеп, ушул өңүттө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин кубаттады.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер органдарынын жетекчилери кыргыз-түркмөн эки тараптуу мамилелеринин абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу бийик жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар жакынкы арада алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын алкагында жолугушууларды уюштурууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий