• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.22. /Кабар/ Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий