• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Венгрия ишкердикти өз ара колдоо тууралуу макулдашышты

Саясат 0

Чолпон-Ата, 04.09.18. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында тараптар жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында биргелешкен билдирүү беришти.

Жээнбеков конокко баарынан мурда Кыргызстанга расмий сапары менен келгендиги үчүн терең урматтоосун билдирди. Орбан жана венгер делегациясы менен жолугушуу, президенттин айтымында, кыргыз элине жылуу сезимдерди тартуулады.

“Орбан мырзага түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биздин жолугушуу ийгиликтүү өттү. Биз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өз ара түшүнүү рухунда кеңири талкууладык”, - деди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр мамлекеттик байланыштарды, эки элдин ортосундагы мамилелердин жакындашын бекемдөөгө жана ишкердик тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

“Биз саясий диалогду, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдаштык. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, биз соода-экономикалык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетүү тууралуу бирдиктүү пикирге токтолдук”, - деди президент.

Ал аталган багытта чоң потенциал бар экендигин жана бүгүнкү диалог ишкердик тармагындагы өнүгүүгө күчтүү импульс берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий