• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Венгрия тышкы иштер министрлеринин видеоконференциясы болду

Саясат 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2020-жылдын 7-майында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен учурдагы күн тартибин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде пландалган эки тараптуу иш-чараларды талкуулоо максатында видеоконференция өткөрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле КР президенти С.Жээнбековдун 2020-жылы Венгрияга расмий сапарын уюштуруунун алкагында кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү жолдорун талкуулашты.

Тараптар эки жактын кароосунда турган келишимдик документтерге, ошондой эле кыргыз-венгр фондун түзүү маселесине жана КР экономикасына COVID-19 вирусунун кесепеттерин жеңилдетүү үчүн КРнын чакан жана орто бизнесин колдоо максатында венгриянын жеңилдетилген кредиттерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

ВСП+ статусунун алкагында кыргыз продукциясын ЕБнын базарларына өткөрүү боюнча кыргыз тарабынын Венгрия менен кызматташтыкты жандантууга кызыкдарлыгы билдирилди.

Тараптар Венгриянын соода-инвестициялык дарамети жана мамлекеттик сатып алуу системасы менен таанышуу жана келечекте ага катышуу үчүн КРнын бизнес-делегациясынын Венгрияга сапарын уюштурууну иштеп баштоону макулдашты.

Кыргыз студенттеринин Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуусу үчүн квоталык орунду 150гө чейин жогорулатуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Министр Ч.Айдарбеков венгр тарабынын жакынкы күндөрдө Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчисин дайындоо жөнүндөгү чечимин кубаттады. Ушуга байланыштуу П.Сийярто тиешелүү агреманды кароо маселесин тездетүүнү өтүндү.

Эске салсак, буга чейин, ушул жылдын 15-апрелинде КР менен Венгриянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Бүгүнкү видеоконференция тараптарга өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга өз ара ниет жана даярдык бар экенин тастыктоого мүмкүнчүлүк берди.

Пикир

Оставить комментарий