• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан жана Өзбекстан авто өнөр жай тармагында кызматташууда

Экономика 0

Ташкент, 11.10.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстан кыргыз тараптын аймагында чакан автобустарды чогултууда кызматташууда.

“Узавтопром” АК басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу келишимге Ташкентте 6-октябрда өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында кол коюлган.

Документте айыл чарба чиркегичтерин чогултуу, Кыргызстандын аймагында автомобиль өндүрүшүн локализациялоо, унаалардын айнектерин чыгарууну колго алуу, Бишкек жана Ош шаарларында дилердик борборлорду ачуу, ошондой эле автомобиль өндүрүшү үчүн кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу көрсөтүлгөн.

500дон ашуун кыргыз-өзбек ишкерлери катышкан бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча 200 млн доллардан ашык суммадагы продукцияны ташуу келишимине кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий