• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары кол койгон документтер (тизме)

Саясат 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда эки жактуу кызматташуу боюнча 13 документке кол коюлду.

А.Атамбаев баштаган Кыргызстандын делегациясынын 5-октябрда башталган иш сапары 6-октябрда аяктайт. Кечээ, 5-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Маалымат алмашуу жана кызматташуу боюнча меморандум;
  • Баткен жана Фергана шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;
  • Жалал-Абад жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;
  • Дин иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Экономикалык жана финанасылык кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Статистика жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
  • Баңгизат каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • Куралдуу күчтөр ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Транспорт жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протокол;
  • Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүдө узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча өкмөт аралык макулдашуу;
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту, ынак коңшулук жана ишенимди бекемдөө боюнча декларация.


Пикир

Оставить комментарий