• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан жана Өзбекстан бажы кызматынын жетекчилери кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 5-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков менен Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Бажы кызматынан билдиришти.

Белгилей кетчү нерсе, бул эки тараптуу жолугушуу “Европа Биримдиги - Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.

МБКнын төрагасы А.Кубанычбеков эки тараптуу жолугушуулар эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты бекемдөөдө чоң мааниге ээ жана макулдашылган өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык бакубаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жогорулатуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү бөлүгүндө эки тараптуу маселелерди талкуулашты жана санариптештирүүгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу, мындан аркы жемиштүү кызматташуу ишенимдерин билдиришти.

Мындан тышкары, КР Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата жана бажы кызматташтыгын чыңдоо үчүн МБК төрагасы Адилет Кубанычбеков Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимовду ведомстволук сыйлык менен сыйлады.

Андан ары Өзбекстандын делегациясы бажы кызматынын музейинде болду, ал жерде Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов ардактуу коноктор китебинде бажы кызматынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындан аркы өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий