• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Өзбекстан чек ара маселеси боюнча иштерди активдештирет

Өкмөт 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тараптар коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жолугушуунун соңунда жыйындын жыйынтыктоочу Протоколуна кол коюлуп, ошондой эле кийинки жолугушууну Өзбекстан Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий