• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Өзбекстан чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясын бекитишти

Коом 0

Ташкент, 28.04.18. /Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстан чек ара ведомстволорунун делегацияларынын жолугушуусунда бейшембиде чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясын бекитишти. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматына таянып билдирди.

Тараптар чек ара коопсуздугунун негизги заманбап коркунучтарын талкуулашып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча 2018-жылдын биринчи кварталындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарышып, чек араны коргоонун актуалдуу маселелерин жана аларды чечүү жолдорун карашты.

Кыргыз-өзбек чек арасында чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясынын жаңы редакциясы бекитилип, эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өз ара аракеттешүү багыттары макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий