• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны боюнча жыйынтык документтерге кол коюлду

Саясат 0

БИШКЕК, 17.08.17. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында КР жана ӨР эки жактуу кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жана эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындары өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: КР жана ӨР эки жактуу кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйынынын Протоколуна, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын №31 биргелешкен жыйынынын Протоколуна.

Пикир

Оставить комментарий