• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араларды делимитациялоо иштерин улантууда

Коом 0

Ташкент, 21-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Ош шаарында жекшембиде Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк жолугушуулар 10 күндүк ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын, Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы мамлекеттер аралык чек аранын кыйла татаал бөлүктөрүндө биргелешкен талаа изилдөөлөрү жана геодезиялык ченөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуулар иштиктүү маанайда өткөндүгү айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий