• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен видеоконференция форматында жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган жолугушуунун өткөрүлүшү 2020-жылдын 8-декабрында Фергана шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин Үчүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн ортолук кароо жана мөөнөттөрүн такташтыруу зарылдыгынан улам келип чыккан.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселеси, өз-ара соода көлөмүн кеңейтүү, экспорт үчүн товарлардын номенклатурасын кеңейтүү, өнөр-жай жана өндүрүштүк кооперация, мөмө-жемиштерди жана тамеки продукциясын өстүрүү боюнча айыл чарба кластерлеринин биргелешкен долбоорлорун ранимациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарындагы соода-логистикалык борборлордун, эркин экономикалык аймактардын курулушу маселеси каралды.

Эки өлкөнүн Экономика министрлиги, айыл-чарба министрлиги, транспорт министрликтери жана бажы органдары ортосундагы товарларды экспорттоодо, товар жүгүртүү көлөмүн кеңейтүүдө, айыл-чарба, өнөр-жай жана транспорттук-транзиттик тармактардагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду кеңейтүүдө келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн туруктуу жумушчу топторду түзүү туралуу макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке секторду тартуу менен каражатын биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылып жаткан биргелешкен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүүнүн механизмдери жана техникалык деталдары талкууланды.

Эки өлкөнүн Экономика министрликтерине 2021-жылдын январь айынын соңуна чейин инвестициялык фондду түзүү боюнча концептуалдык документтерди жана формалдуу процедураларды даярдоону жыйынтыктоо тапшырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына (Жол картасы) кол коюлду, ал өзүнө конкреттүү чаралардын, багыттардын жана биргелешкен өз-ара аракеттешүүнүн шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр-жай кооперациясынын ишке ашыруу боюнча маселелердин жыйындысын камтыйт.

Тараптар аркылуу эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселесин талкуулоо үчүн ушундай форматтагы жолугушууларды үзгүлтүкүсүз өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий