• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Өзбекстан пахта өндүрүү тармагында кызматташат

Экономика 0

Ташкент, 30-июнь /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков жана «SIFAT» Өзбек пахтаны сертификациялоо борборунун башкы директору Хаким Умаржоджаев кечээ пахта өндүрүү тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн сортторун жана генетикалык ресурстарын изилдөө мамлекеттик борборунун жана «SIFAT» Өзбек пахтаны сертификациялоо борборунун ортосундагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, өзбек тарап пахта продукцияларын эл аралык стандарттарда даярдоо боюнча кыргыз адистери үчүн классификатор-кадрларды даярдоо курсун уюштуруу жана өткөрүүгө даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий