• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Өзбекстан ТИМ башчыларынын орун басарлары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиковдун ортосунда видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Алдыда боло турган эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын мазмуну жана жакынкы аралыкта кыргыз-өзбек Тышкы иштер министирликтеринин ортосундагы саясий консультацияларынын кезектеги раундун өткөрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий