• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди, улуттар аралык ынтымакты чыңдоону талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында коңшулук мамилени чыңдоо, эки өлкөнүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы сабырдуулукту жана толеранттуулуктуу бекемдөө максатында “Чындыгында, ыймандуулар бир тууган” аталышындагы темада семинар өттү.

Жолугушуунун максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту сактоо, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалог үчүн платформа куруу процессинде диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфийи Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Усмонхан ажы Алимов катышты.

Иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталды.

Пикир

Оставить комментарий