• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абдулла Арипов Бороновду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий