• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан жарым жылда 400 миң тонна айыл чарба продукциясын экспорттогон

Экономика 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ аймагына айыл чарба продукцияларын экспорттоодо тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен билдиришти.

Департаменттен билдиришкендей, 1-январдан тарта 31-июлга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө - Россия, Казакстан, Беларус жана Армения, Европа биримдигине, Түркмөнстан, АКШ жана башка өлкөлөргө болгон экспорт 400 миң 848 тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 60 тоннага көп болгон.

Экспорт:

- Үрөн - 248 тонна;
- Дан жана чанактуу өсүмдүктөр - 134 миң, 335 тонна;
- Техникалык, тоют - 7 миң 207 тонна;
- Жашылчалар - 109 миң 396 тонна;
- Бакча өсүмдүктөрү - 11 миң 152 тонна;
- Картошка - 22 миң 809 тонна;
- Жемиштер - 60 миң 273 тонна;
- Цитрус жана тропик жемиштери - 1 миң 332 тонна;
- Кургатылган жемиштер - 34 миң 211 тонна;
- Жаңгактар - 15 миң 211 тонна;
- Азык-түлүк - 4 миң 368 тонна.

Пикир

Оставить комментарий