• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун Тажикстанга өткөрүп берди

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. бБгүн, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Бордобо-автожол” өткөрүү жайында Кыргыз Республикасынын чек арачылары Тажикстан Республикасынын чек арачыларына Жеңиш эстафетасынын символун өткөрүп берген. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышт бөлүмү билдирет.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы Бишкек жана Ош шаарларында өттү.

"COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таркап кетпешине жол бербөө чаралары көрүлүп жаткан азыркы оңой эмес жагдайды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында Жеңиш эстафетасы өткөн маршрут боюнча таазим кылуу иш-чараларын коомчулуктун катышуусу жок өткөрүү чечими кабыл алынган. Ардагерлерди куттуктоо, аскердик ызаат көрсөтүү, өсүп келе жаткан муун үчүн эрдик сабактарын өткөрүү кийинчерээк болот, бирок КР МЧКнын тарамдарында аскер кызматкерлерине Улуу Ата Мекендик согуш учурунда чек арачылардын эрдиктери тууралуу баян кылынган тематикалык кечелер өтүп, анда чек ара сакчыларынын жаш мууну өздөрүнүн туугандары согуш тууралуу айтып бергендеги эскерүүлөр менен бөлүшүштү", - деп айтылат маалыматта.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат.

Пикир

Оставить комментарий