• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Жеңиш күнүн татыктуу өткөрөт!

Жеңишке 75 0

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги, өлкөнүн коомдук уюмдары, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгек фронтунун ардагерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүшүүдө.

Советтер Союзуна фашисттик аскерлер кол салганда Кыргызстан четте турбай, башка элдер менен бирге фронтко барып, фронтко бара албагандар эмгек фронтунда өз салымын кошкон. Канчалаган кыргыз үй-бүлөлөрү немистер басып алган жерлерден келгендерди бооруна алып, тосуп алган!

Эми ошол Жеңишти алып келген адамдардын уул-кыздары мааракелик майрамды өткөрүүгө даярданып жатат.

Майрамдык иш-чаралар кандай өтөт?

Иш-чаралар Бишкекте жана өлкөнүн булуң-бурчунда өткөрүлөт. Азыртан баштап жашоочулар эстеликтерди көрктөндүрүү иштерине киришти. Ага окуучулар менен студенттер да тартылууда. Сабактарда аларга согуш жылдарындагы окуялар, Кыргызстандын жашоочуларынын Жеңишке жетүүгө кошкон салымы тууралуу маалымат берилүүдө.

"Биздин Жеңиш" коомдук уюму согуш жылдарында кыргыз жоокерлери жасаган эрдиктер тууралуу тарыхый фактыларды чогултуу үчүн бир топ маанилүү иштерди аткарды. Алар чогулткан материалдын баары жергиликтүү музейлерде орун алды.

Ал эми жергиликтүү бийликтин даярдыгы кандай? Учурда Москвадан өлкөгө "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдары алынып келди. Алар ардагерлерге тапшырылат. Ардагерлер майрамдык иш-чараларда ардактуу конок болушат. Жергиликтүү акимчиликтин кызматкерлери аларга барып, гүл жана белектерди беришет.

Өлкөнүн бир катар жерлеринде "Өчпөс полк" акциясы болуп өтөт. Согушка катышкан туугандарынын сүрөтүн көтөргөн жарандар жүрүш жасашат.

Ошондой эле Бишкекте аскердик парад болуп өтөт. Анда кыргыз аскерлери менен Россия аскерлеринин Канттагы авиабазасынын бөлүктөрү жалпы катарда басып өтүшөт.

Майрамдын аягында Жеңиш күнүнө карата салют атылат.

Жакшы үмүт кылып, Жеңиш күнүнө карата пландалган иш-чаралар болуп өтөт деп күтөбүз.

Максат Нарымбаев

"Шериктештик" маалыматтык-аналитикалык порталы

Пикир

Оставить комментарий