• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жети айда 307,8 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту - 307 миң 879 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 76 миң 276 тоннага аз, 2021-жылдын ушул мезгилинде 384 миң 155 тонна экспорттолгон.

2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү.

Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Жала-Абад, Баткен облустарынан ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолду.

Пикир

Оставить комментарий