• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагалыгын өткөрүп алды

Президент 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. «Кыргыз Республикасы Биримдиктин учурдагы күн тартибин ишке ашыруу үчүн гана эмес, анын ишмердүүлүгүн жаңы багыттарда кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынында төрагалык эстафетаны алып жатып.

Мамлекет башчысы келерки жылы Евразия экономикалык комиссиянын ишинин башталганына 10 жыл толоорун эске салды.

Бул маанилуу окуяны ЖЕЭКнын идеяларын жайылтуу жана аны коомдо даңазалоо менен кеңири натыйжаларга жетишүү үчүн пайдаланууга тийиш деп эсептейт.

Садыр Жапаров бардык мүчө-мамлекеттерде масштабдуу маалымат кампанияларын жана максаттуу иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге жемиштүү иши жана көптөгөн негизги маселелерди чечүүдө туруктуулугу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Ал келерки жылды инвестициялык жана жамааттык кызматташууну бекемдөөгө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, жаңы келечектүү рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арноо маанилүү деп эсептейт.

Президент Садыр Жапаров климаттын күн тартибине, жашыл технологияларды киргизүүгө, электрондук коммерция тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле ЕАЭБдин символу боло турган биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгууну баштоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий