• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жогорку окуу жайларын колдоо үчүн чоң иштерди аткарууда

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. / Кабар/. Кыргызстан жогорку окуу жайларын колдоо үчүн чоң иштерди аткарууда. Бул тууралуу Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин өкүлү Гулияш Ниязова “Жогорку билимдин сапаты” атуу форумда билдирди.

Анын пикири боюнча, Кыргызстандагы ЖОЖдордун программасы европалык системадан кем калбайт.

“Иш жүзүндө жана биздин сырттан баа берүүбүз көрсөткөндөй кыргызстандык ЖОЖдор башкалар менен атаандаша алат. Алар окуучу ички эмгек базанында гана эмес, эл аралык базарда да суроо-талапка ээ болушуна ыктап жатышат. Бүгүнкү күндө эки кыргыз ЖОЖу – Ош мамлекеттик университети менен Ош технологиялык университети аккредитациядан өткөн. Аларды баалоолор көрсөтүп тургандай, алардын сапаты заманбап системага жооп берип, билим берүү системасы жогорку деңгээлде турат”, - дейт Ниязова.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын башка улуттук жана мамлекеттик ЖОЖдорун аккредитациялоо боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий