• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жума сайын 20 тонна кой этин Венгриянын ресторандарына жеткирип турат

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Венгриянын мейманкана жана ресторандарына Кыргызстандан кой эти жеткирилип турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында венгриялык Matusz - Vad Zrt компаниясы, ата мекендик “Торо” компаниясы жана Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү билдиришти.

Тараптар бүгүн, 14-апрелде товар жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Биринчи этапта Кыргызстандан жумасына 20 тонна эт экспорттолсо, алдыда анын көлөмүн жумасына 40 тоннага жеткирүү пландалууда. Бүгүн тараптар Брюсселден уруксат күтүп жатышат.

“Кыргызстандык дыйкандар баккан койдун эти Жаңы Зеландияныкына салыштырмалуу сапаттуу деп эсептейбиз. Кыргызстандын жаратылышы жана халал стандарттарына коюлган жогорку талаптар мунун далили”, - деди венгриялык компаниянын директору Патрик Матус.

Матус кошумчалагандай, Matusz - Vad Zrt Европада 2,5 миңден ашык өнөктөшү бар. Анын ичинде белгилүү ресторандар, мейманканалар, коомдук тамактануу жайлар жана супермаркеттер да жок эмес.

“Биринчи этапта кыргыз этин мейманкана жана ресторан секторуна, кийинчерээк керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсү үчүн супермаркеттерге жеткирүүнү пландап жатабыз. Биз рынокто 1994-жылдан бери иштеп келебиз жана 30 жылдан ашуун убакыттан бери Европа боюнча өнөктөштөрүбүздүн ишенимине ээ болдук. Алар бизден Кыргызстандан жаңы продукцияларды алып келүүбүздү күтүшөт”, - дейт Матус.

“Торо” ЖЧКсынын башкы директору Эмил Мамбеткулов бүгүнкү күндө Европада мусулман калкынын саны 44 млн адамды түзүп, халал продукцияга суроо-талап абдан жогору экенин баса белгиледи.

“Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга иш сапарынын алкагында өткөн бизнес-форумга уй жана кой этин алып алганбыз. Анда венгрлер биздин эттин сапаты тууралуу угуп, көптөн бери даамын татып көргүсү келгенин айтышкан. Жыйынтыгында аларга эт жагып, 1,5 айдан кийин келишим түзүүгө Кыргызстанга учуп келишти”, - деп айтат Мамбеткулов.

Ал Венгрияга стейк гана экспорттолорун белгилеп, мындан ары ата мекендик компания жергиликтүү дыйкандардан малды көп санда сатып алып, аны халал стандартына жана Евроаймактын талаптарына ылайык жиберүүгө даярдай турганын маалымдады.

Улуттук инвестиция агенттигинин экспорт бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиевдин айтымында, венгриялык компания Кыргызстандан ошондой эле радужный форель балыгын импорттоого кызыкдар.

“Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы форель өстүрүүчү чарбаларды кыдырууга чакырганбыз. Биз чарбаларды жеринде көрүп, Европага радужный форель балыгын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатабыз. Радужный Форель балыгы минералдык курамы жогору таза сууларда өстүрүлүп, ЕАЭБ жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ болууда”, - деди

Пикир

Оставить комментарий