• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда 1,4 млн киши кедейчиликте жашайт

Экономика 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда 1,4 млн киши кедейчиликте жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетиндеги маалымат жыйынында Үй чарбасы статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, кедейчиликте жашаган калктын 68%ы айыл жеринде турушат.

"35 миң адам өтө жакыр жашайт. Кедейликтин деңгээлинин эң жогорку көрсөткүчү Ош шаарында катталган – 35,5%. Андан кийин Баткен облусу – 33,8%, Жалал-Абад облусу – 32,2%, Нарын облусу – 30,6%, Ысык-Көл облусу – 21,5%, Талас облусу – 22,1%, Чүй облусу – 15,6%, Бишкекте - 15,5%", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2018-жылы 17 жашка чейинки балдардын 28,3%ы кедей үйдө жашаган.

Пикир

Оставить комментарий