• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда 1,5 ай ичинде стационарларга 471 миңден ашык жаран кайрылган

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1,5 ай ичинде стационарларга 471 миңден ашык жаран кайрылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Өлкө боюнча ачылган стационарларга 15-июлдан 27-августка чейин, башкача айтканда 1,5 айдын ичинде 471 миңден ашык жаран кайрылган. Кайрылгандардын саны көп болгон күн 17-июлга туура келген. Ал күнү стационарларга 36 миңден ашык киши кайрылган. Бүгүнкү күнү күндүзгү стационарлардын баары жабылган. Ал эми ооруканалар өз багыттары боюнча иштеп баштады", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий