• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун үй-бүлөлүк дарыгер жетишсиз

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.17. /Кабар/. Саламаттык сактоо тутумунда 1,5 минден ашуун үй-бүлөлүк дарыгер жетишсиз. Бул тууралуу клиникалык ординаторлордун жана студенттердин республикалык “Үй-бүлөлүк дарыгер – биздин замандын каарманы!” конференциясында Ахунбаев атындагы КММА үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов билдирди.

Ал жаш дарыгерлер улуу муундун тажрыбайсын үйрөнүшү керектигин белгиледи.

“Бүгүнкү күнү бизде 20 клиникалык ординатор билим алууда. Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 3-4 эсе өстү. Учурда биз бардык программаларды кайра иштеп, аймактарга жакындаштырып жатабыз. Окугандардын көбү облустук жана райондук мекемелерге барып ординатураны ал жактан өтүшөт. Ошентип, билим берүүнүн борборлоштуруусу жоюлат, өз кезегинде бул жоопкерчиликтин, тажрыйбалык окуунун жогорулашы менен коштолот”,- деди ал.

Бримкуловдун айтымында, быйылкы жылы кафедрада эки гана үй-бүлөлүк дарыгер окууну аяктаган.

“Биздин кафедра 2017-жылы үй-бүлөлүк медицинага көңүл бурууну жогорулатуу максатында түзүлгөн. Бир үй-бүлөлүк дарыгерге калктын 2000 адамы туура келерин эске алсак, бизде 3 миң үй-бүлөлүк дарыгер болушу керек. А бизде болгону 1 миң 600. Демек, жарымы жетишпейт”,- деп белгиледи Нурлан Бримкулов.

Ал Прибалтикада бир үй-бүлөлүк дарыгерге 1200 адам туура келерин мисал келтирди.

“Мындай шартта бизде 5 миң үй-бүлөлүк дарыгер болууга тийиш. Дарыгерлерибиз 200-300 пайыз кайра иштешүүдө”, - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий