• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 1,6 миллион баш мал идентификацияланган

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миллион 676,4 миң баш мал идентификацияланган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 186 миң баш мал идентификациядан өткөн.

Ал жаныбарларды идентификациялоо боюнча маалыматтык система КРнын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

“Буга чейин система менен француз компаниясы алектенип келген, кийин биз аны сатып алдык. Андан соң биздин кызматкерлер Францияда окуп келишти. Азыр келишимге ылайык, система Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди”, - деди ал.

Жусупов белгилегендей, маалыматтык системага 1 миллион 606,1 миң мал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий