• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 1,77 млн жарандын маалыматы «Санарип аймак» базасына киргизилди

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республиканын бардык айыл өкмөттөрүнө «Санарип аймак» автоматташтырылган системасы киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин 1 млн 775 миң 269 кыргыз жарандын маалыматы «Санарип аймак» базасына киргизилген. «Санарип аймак» айтоматташтырылган системасынын жардамы менен аймактардын жана айылдардын тургундары көптөгөн муниципалдык кызматтарды электрондук форматта ала алышат жана жергиликтүү бийликтин иши системалуу түрдө автоматташтырылууда.

Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документтерди берүү «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле социалдык, салык жана жер маселелери боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлөт.

«Биз калктын ички миграциясын каттоону электрондук форматта гана киргизүүнү пландап жатабыз. Башкача айтканда, айылдын ар бир тургуну үчүн электрондук журнал түзүлүп, анын жеке маалыматтары, үй-бүлөлүсүнүн курамы, кыймылсыз мүлкү, транспорту, чарба-малы жөнүндө жазылат. Мунун баары калк үчүн маалымат каттардын кагаз түрүн алып салууга мүмкүндүк берет, анткени мамлекеттик органдар керектүү маалыматты «Түндүк» аркылуу ала алышат», - деди КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев.

Бүгүнкү күндө бул система аркылуу маалымат алмашуу Министрлик, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен түзүлдү. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамы жана мүлктөрү боюнча чарба китебинин электрондук варианты түзүлдү. Бардык 484 жергиликтүү органдар системага кошулган, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан 521 миң 793 кожолук катталган.

«Санарип Аймак» системасы тундук электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (СМЭВ) менен өз ара байланыштырылган, системаны министрликке караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий