• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймагында 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5, Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13.

Бишкек менен Ошто дагы 1– январда жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий