• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 1-июлдан баштап медиктердин айлык акысы 40%га көтөрүлөт – президент

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда медицина кызмткерлеринин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн КР президенти Садыр Жапаров Эл аралык аялдар күнүнө арналган аялдар менен жолугушууда билдирди.

Президент менен жолугушууда катышуучулар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жеңил өнөр жай жана спорт тармактарындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Өз кезегинде мамлекет башчысы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын айлык акыны көтөрүү маселеси артыкчылыктуу болуп саналат деп белгиледи.

“2021-жылы 1-июлдан баштап медиктердин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Мен 100%га чейин деле көтөрө бермекмин, тилекке каршы бул жылдын бюджетинин алкагында биз 40%га гана көтөрө алабыз. Бирок мен бул багытта иштер улантыларына ишендирип кетким келет”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий