• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 1-июндан тарта спортчулар машыгууларын башташат

Спорт 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-июнунан баштап спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командалары окуу-машыгууларын башташат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, окуу-машыгуулардын башталышынын алдында курама командалардын мүчөлөрү спорттук-реабилитациялык борбордо медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Окуу-машыгуулар өтө турган объекттерде санитардык ченемдер жана эрежелер сакталышы керек болот. Ошондой эле машыгуулар өтө турган объекттерге спортчулар дене табы (контактсыз) текшерилип киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий