• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 1-июнга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-майдан 1-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

28-31-майларда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райодорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 28-30-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

28-31-майларда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-31-майларда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт, 28-30-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий