• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 1 күндүн ичинде 6 киши сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 22-июлда саат 22:00дөр чамасында Кара-Ой айылындагы “Академия наук” пансионатында 1981-жылы төрөлгөн Т.А. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чолпон-Атада 22-июлда саат 18:45 чамасында “Голубой Иссык-Куль” пансионатында 1947-жылы туулган Ш.Т аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткен. Анын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Чүй облусунун Кызыл-Туу айылында 22-июлда саат 14:39 чамасында көлмөгө Ж.А. аттуу 1986-жылы төрөлгөн жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар анын денесин таба алышкан эмес, издөө иштери уланууда.

Алай районундагы Сары-Могол жайлоосунда 22-июлда саат 14:48 чамасында Тулпар-Көл көлмөсүнө 2002-жылы туулган К. уулу А. чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар денесин таба алышкан эмес, издөө иштери уланууда.

Ошто 22-июлда саат 15:20 чамасында бетон аралаштырган “Монарх” ишканасында 1999-жылы төрөлгөн М.Ч.О аттуу адам кулап түшкөн.Куткаруучулар денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бишкекте 22-июлда саат 16:55 чамасында 18 жаштагы М.Э аттуу кыз Комсомольское көлүнө чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бейшеналиев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 22-июлда саат 20:25 чамасында эркек адам Ала-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар аны таба алышкан эмес.

22-июлда “Акун” пансионатында журналист Улан Эгизбаев чөгүп кеткен. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий