• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 1 кВт электр энергиясынын баасы калк үчүн өз тарифинен 39 тыйынга арзан

Экономика 0


Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1 кВт электр энергиясынын баасы 1,77 сом, ал эми калк үчүн орточо тариф 1,38 сом. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги тегерек столдо электр тармагындагы эксперт Батыркул Баетов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиянын тарифи 2001-жылдан бери өзгөргөн эмес. ГЭСте 1 кВт электр энергиясынын өндүрүү наркы 16 тыйын, электр энергиясын берүү 39 тыйын, бөлүштүрүү 52 тыйын, салыктар 12 тыйын, техникалык жоготуулар 15 тыйынды түзөт.

“1 кВт электр энергиясынын жалпы баасы 1,77 сом, ал эми орточо наркы 1,38 сом. Жалпысынан 39 тыйын чыгымга учурап жатат. Бул кандайча толукталат? Узак жана жеңил ссудалар алабыз деп уккандырсыз”, - деди ал.

Баетов өлкөдө кичи ГЭСтер тарифтин төмөн болгонунан өнүкпөй жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров электр энергиянын тарифин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1 сом 04 тыйын (700 кВт/с лимитти алуу), жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйындан сунуштаган.

Ошондой эле жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар.

Пикир

Оставить комментарий