• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 1 миң 131 илимдин доктору жана 4 миң 835 илимдин кандидаты бар

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 131 илимдин доктору жана 4 миң 835 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева билдирди.

Анын айтымында, Жогорку аттестациялык комиссия 1993-жылы түзүлгөн.

"1993-жылы 7 илимдин доктору, 41 кандидат аттестацияланса, былтыр 55 илимдин доктору жана 229 кандитат аттестацияланган. Учурда Кыргызстанда 1 миң 131 илимдин доктору жана 4 миң 835 илимдин кандидаты бар. Кыргызстандын 6 млн калкына 5 миң 966 окумуштуу туура келсе, 1 млн кишиге 994 окумуштуу туура келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий