• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 1 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алды

Экономика 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-июнуна карата 1 миң 164 ишкер үстөксүз насыя алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыянын суммасы 390,9 млн сомду түздү.

Белгиленгендей, насыя алгандардын басымдуу бөлүгү соода тармагында иштейт.

Эске салсак, президенттин тапшырмасы менен микро, кичи жана орто ишканаларга жардам көрсөтүү механизми боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

Пикир

Оставить комментарий