• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 1 млн 720 миңден ашык ири мүйүздүү мал идентификациядан өткөрүлдү – Жумаканов

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 млн 720 миңден ашык ири мүйүздүү мал идентификациядан өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Ошондой эле өлкөдө 22 миң 500 чочко идентификациядан өткөрүлүп, бирдиктүү базага киргизилген.

"Кыргызстанда ири мүйүздүү мал менен чочко толугу менен идентификациядан өттү деп айта алабыз", - деди ал.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 65 асыл тукум жылкы чарбасы бар.

"Анын ичинен 49 фермада 1 миң 380 баш малды идентификациядан өткөрүп, бирдиктүү базага киргиздик. Ал эми 16 чарбада идентификациялоо иштерин 1-июлга чейин бүткөрөлү деп жатабыз. Анан тышкары бизде канаттуу, балык, бал өндүргөн чарбалар бар. Алардын баары мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүдө. 28 канаттуулар чарбасы, балык чарбасынан 42си балык өстүрүлгөн 274 көлмөсү менен жана 149 бал челек чарбасы каттоодон өткөрүлүп, бирдиктүү базага киргизилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий